Ирандагы баш аламандык бүткүл аймакка залакакасын келтирет

Түркия Ирандагы окуяларга жакын байкоо салып жатат

880850
Ирандагы баш аламандык бүткүл аймакка залакакасын келтирет

Өкмөттүн катчысы жана вице-премьер Бекир Боздаг, Иранда 7 күндөн бери уланып жаткан өкмөткө каршы митингдердин себебинен болгон баш аламандыктын бүткүл аймакка залакакасын келтире турганын белгиледи.

Боздаг Иранда болуп жаткан чыңалууга байланыштуу Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Түркиянын Ирандагы окуяларга жакын байкоо салып жатканын белгилеп буларды айтты: «Түркия Иранда тынчтык, бейпилдик жана туруктуулуктун корголуусуна чоң маани берет. Ирандын тынчтыгы, бейпилдиги жана туруктуулугу Иран эли жана аймагыбыз үчүн өтө маанилүү. Иранда боло турган кризис, баш аламандык жана кагылышуулардын Иран, ирандыктар жана аймакка зыян тийгизээри анык»,-деди.

Боздаг Иран элинин жана бийлигинин провакацияларга, тузактарга каршы этияттык жана акыл-эстүүлүк менен кыймыл кылышы керектигин баса белгиледи. 

Бекир Боздаг тышкы кийлигишүүлөр менен же күч колдонулуп же болбосо конституция жана мыйзамдардын алкагында түзүлгөн мыйзамдуу жолдун тышында башка ыкма менен бийликке келүүгө да, бийликти алмаштырууга да каршы турат»,-деди.



Тектеш кабарлар