Түркия менен Германия карым-катнаштарын нормалдаштырууга даяр

Министр Чавушоглу Анкарада немис маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берди.

879591
Түркия менен Германия карым-катнаштарын нормалдаштырууга даяр

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Германия менен карым-катнаштарда 2018-жылдын дагы жакшы жыл болоорун айтты.

Чавушоглу «жакшы дос» катары эсептелген германиялыктарга да кайрадан Түркияда эс алуу чакырыгын салды.

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Анкарада немис маалымат агенттиги DPAнын Түркия-Германия карым-катнаштарына байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Германиялык туристтерди Түркияда кайрадан эс алууга чакырган тышкы иштер министр: «Түркия коопсуз өлкө»,-деди.

Түрктөрдүн немистерди салттык түрдө «жакшы дос» катары эсептегендерин эске салган Чавушоглу: «Мамлекетер жана өкмөттөр ортосунда пикир келишпестикетер, ал эмес маселелер болушу мүмкүн. Бирок бул элдерибиздин ортосундагы карым-катнаштарга таасир тийгизбеши керек»,-деди.

Чавушоглу Түркия-Германия алакаларына байланыштуу: «Эки тарап тең карым-катнаштарды нормалдаштырууга даяр»,-деди.

Маектешүүдө Түркиянын Европа Биримдиги менен жүргүзүп жаткан толук мүчөлүк сүйлөшүүлөрү темасына да токтолгон тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Орусия менен кызматташтыгынын Батышка альтернатива эмес экенин айтты.

Түркиянын толук мүчөлүк максатын коргогонун белгилеген тышкы иштер министр: «Европа Биримдигинин ичинде Германия, Австрия жана акыркы мезгилдерде да Дания менен катар биздин мүчөлүгүбүзгө каршы чыккан аз сандагы өлкө бар»,-деди.



Тектеш кабарлар