Орусиядан Түркияга абадан коргонуу системасы алына баштайт

Нуреттин Жаникли, Түркиянын Орусиядан сатып ала турган С-400 ракеталык коргонуу системасына байланыштуу 4 даана батарея темасында келишимдин түзүлгөнүн айтты.

877102
Орусиядан Түркияга абадан коргонуу системасы алына баштайт

Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли, Түркиянын Орусиядан сатып ала турган С-400 ракеталык коргонуу системасына байланыштуу 4 даана батарея темасында келишимдин түзүлгөнүн айтты.

Жаникли, президент Режеп Таййип Эрдогандын Тунистин президенти Эль-Баси Кайд-эс-Сибси менен өткөргөн маалымат жыйынынан кийин журналисттердин Орусиянын басма сөзүндө орун алган Орусиянын коргоо өнөр жайы фирмасы Ростехтин төрагасы Сергей Чемезовдун «Түркиянын Орусиядан 4 даана С-400 коргоо өнөр жайы системасынын батареясын 2,5 миллиард долларга сатып алганын» жарыялоосуна байланыштуу суроолорго жооп берди.

Жаникли: «Туура ошондой ансыз деле. Келишимдин бардыгы түзүлдү»,-деп айтты.

Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли, «Чындыгында ал жерде кол коюла турган кредитке байланыштуу тема болчу. Мындайча айтканда «Өзүбүз финансылайлыкпы деген нерсенин аягында «Бир бөлүмүн насыя түрүндө колдонолу» деген көз караш пайда болду. Чындыгында келишим бүттү»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар