Эрдоган менен король Абдуллах сүйлөштү
Телефон сүйлөшүүсүндө Кудус темасы каралды.
875669
Президент Режеп Тайип Эрдоган, Иорданиянын королу 2-Абдуллах менен телефондо сүйлөштү.
Президенттиктен маалымдалгандай, президент Эрдогандын Хартумга сапары убагында өткөрүлгөн телефон сүйлөшүүсүндө Кудус темасы каралды.
Президент Эрдоган менен Иорданиянын королу 2-Абдуллах, Кудуска байланыштуу БУУнун Башкы Ассамблеясында 21-декабрдагы добушка коюунун жыйынтыгына ыраазы болгондорун сөз кылышты.
Кудустун статусуна колдоо көрсөтүү үчүн биргелеше аракет кылуунун маанисине токтолушкан президент Эрдоган менен Иорданиянын королу 2-Абдуллах, АКШнын туура эмес кадамынан кайтуусу үчүн таасирдүү эскертүүлөрдүн берилишинин пайдалуу болоорун белгилешти.