Түркия Парламентинин төрагасы Пакистанда

Түркия Улуу Улуттук Межлисинин Төрагасы Исмаил Караман өзүн коштогон делегация менен Пакистандын борбор калаасы Исламабадга барды.

874713
Түркия Парламентинин төрагасы Пакистанда

Терроризм менен күрөшүүдө аймактар аралык байланыштарды күчтөндүрүү үчүн 6 өлкө жаңы демилге баштатты.Пакистандын кожоюндугунда өтүп жаткан иш-чарага Түркия, Орусия, Кытай, Иран жана Ооганстандын Парламент төрагалары катышууда.

Түркия Улуу Улуттук Межлисинин Төрагасы Исмаил Караман өзүн коштогон делегация менен Пакистандын борбор калаасы Исламабадга барды.

Кахраман жыйналыштын алдында Пакистандын Улуттук Межлисинин төрагасы Сердар Аяз менен жолукту.

Исмаиль Кахраман, бул жыйналыш үчүн олуттуу даярдык жасалганына көңүл бурду.

Үй ээси Сердар Аяз да, Түркиянын бул жыйналышка катышуусунун абдан маанилүү болгонун айтты.

«Террордон сиз да көп азап тарттыңыз, биз да көп тарттык»,деген Аяз, Кудус тууралуу абалдарга да токтолду.

Аяз, БУУнун Кудус тууралуу токтомунда көп сандаган өлкөнүн орток көз карашты билдиргенин белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар