Президент Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү

Президент Р. Т. Эрдоган Кудус тууралуу Фрэнк-Вальтер Штайнмайер жана Махмуд Аббас менен кечинде телефон аркылуу сүйлөштү.

874113
Президент Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү

Президент Р. Т. Эрдоган Кудус тууралуу Германия федералдык республикасынын президенти Фрэнк-Вальтер Штайнмайер жана Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен кечинде телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефон сүйлөшүүлөрүндө БУУнун Жалпы Кеңешинде чыгарылган чечим менен АКШнын Кудус тууралуу чечиминин мыйзамдуу эмес экендиги ортого коюлушунун кубантуучу экендиги белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдө добуш берүнүн жыйынтыгында аймактын тынчтык жана ырааттуулугу жактан да абдан чоң мааниге ээ болгон Кудус меселесинде БУУнун чечимдерине жана эл аралык мыйзамга болгон көз карандылыгын ортого койгондугу да белгиленди.

Немис кесиптешине чечимге карата колдоосунан улам рахмат айткан Эрдоган добуш берүүдө Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн да сезимталдуу мамиле кылгандыгына ыраазы болгондугун билдирди.

Президент Эрдоган жана немис кесиптеши Штайнмайер сүйлөшүүдө эки тараптуу карым – катнаштарды ылдамдатуу үчүн биргеликте аракет кылуунун маанисине  көңүлдөрдү бурду.

Президент Эрдоган жана Палестинанын мамлекет башчысы Аббас АКШнын Кудус тууралуу мамилесинин жаңылыш экендиги бүткүл дүйнө тарабынан аныкталгандыгына кубанычтуу экендери билдирилген сүйлөшүүдө алдыбыздагы процессте да Палестина мамлекетине эл аралык тармакта колдоонун улантылышы үчүн координациялуу түрдө иштөө боюнча макулдашышты.



Тектеш кабарлар