Президент Эрдоган менен Ибархим Калын Кудус чечими тууралуу билдиришти

Президент Р. Т. Эрдоган «Кудус тууралуу БУУнун Жалпы Кеңешине сунушталган чечим долбоорунун добуш көптүгү менен кабыл алынышын ыраазычылык менен кабыл алабыз».

873748
Президент Эрдоган менен Ибархим Калын Кудус чечими тууралуу билдиришти

Президент Р. Т. Эрдоган БУУнун Жалпы кеңешинин Кудус добоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алышынан ыраазы болгондугун билдирди. Эрдоган Кудус долбоорунун Жалпы Кеңеште  9 добушка каршы 128 добуш менен кабыл алынышына байланыштуу : «Кудус тууралуу БУУнун Жалпы Кеңешине сунушталган чечим долбоорунун добуш көптүгү менен кабыл алынышын ыраазычылык менен кабыл алабыз»,- деди.

Президент Эрдоган твиттерден Кудус долбоорунун БУУнун Жалпы Кеңешинде кабыл алынышы тууралуу маалыматты бөлүштү. Эрдоган : «Трамп өкмөтүнүн БУУнун Жалпы Кеңеши тарабынан мыйзамдуулугу жок экендиги ортого салынган бактысыз чечиминен эртерээк кайтышын күтүп жатабыз. Палестина жана кудус доосуна колдоо берген баарына жеке өзүм жана калкымын атынан рахмат айтым»,- деди.

Президент Эрдоган ошол эле маалыматын англис жана араб тилинде жарыялады.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да твиттерден : «Трамп өкмөтүнүн Кудус чечимин четке каккан чечим долбоору БУУнун Жалпы Кеңешинде 9 добушка каршы 128 добуш менен кабыл алынды. Кудус үчүн, Палестина үчүн глобалдык адилеттик үчүн бул тарыхый чечим кайрымдуу болсун»,- деди.



Тектеш кабарлар