Мухаммед  ет  - Тавил Түркия жараны болууну каалайт

Президент Эрдоган down синдрому палестиналык Мухаммед  ет  - Тавил жана үй  - бүлөсүн кабыл алды.

873921
Мухаммед  ет  - Тавил Түркия жараны болууну каалайт
arslan down sendromlu filistinli.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган Израиль аскерлери тарабынан камоого алынып эркин койо берилген жана психологиялык жардам үчүн Түркияга алып келинген down синдрому палестиналык Мухаммед  ет  - Тавил жана үй  - бүлөсүн кабыл алды.

Президенттик комплексте down синдрому палестиналык Мухаммед ет  - Тавил, энеси Вежихе жана атасы Халил Ибрахим ет  - Тавилди конко кылган Эрдоган палестиналык үй  - бүлө менен маектешти.

Траспорт, деңизчилик жана информация министри Ахмет Арслан да палестиналык Мухаммед жана үй  - бүлөсүн кабыл алды. Министр Арслан кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөнүн Палестина маселесине каршы үнсүз калышына жана болгон зулумдуктарды көрбөстүккө салышына каршылык көрсөтүп : «Израиль бир гана Мухаммед бир тууганыбызга кыйынчылык тарттырган жок, аял  - эркек, бала, кары  - картаң дебестен баарына зулумчулук кылып жатат»,- деди. Арслан түрк калкынын дайыма Палестина калкынын жанында экендигин айтты.

Ошол эле учурда билим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлү да down синдрому палестиналык Мухаммед ет  - Тавил, энеси энеси Вежихе жана атасы Халил Ибрахим ет  - Тавилди Түркияга алып келүүдө жол башчылык кылган Эл аралык Down синдрому федерациясынын төрагасы Мухаммед Абдуллах Тунжайды министрликте кабыл алды.

Фарук Өзлү согуштарда эң көп балдардын кыйынчылык тартып жаткандыгын айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамптын 6 -  декабрда Кудусту Израилдин борбор шаары катары тааныган чечимин билдиргенден кийин палестиналыктар башта басып алынган Чыгыш Кудус болуу менен Батыш Шериа жана газа чек арасында митинг өткөрүп, Израиль күчтөрүнүн кийлигишүүсү менен жүздөгөн киши жараланган. Мухаммед  ет  - Тавил да митингдерге катышып жана Израиль аскерлери тарабынан камоого алынган болчу.



Тектеш кабарлар