Тышкы иштер министри Нью - Йоркко барат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кудус үчүн добуш берүү максатында Нью – Йоркко барат.

872195
Тышкы иштер министри Нью -  Йоркко барат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кудус үчүн добуш берүү максатында Нью – Йоркко барат.

Мевлют Чавушоглу БУУнун Коопсуздук Кеңешинде АКШнын ветосу менен четке кагылган Кудус тууралуу долбоордун БУУнун Жалпы Кеңешине алып барылгандан кийин АКШнын Нью – Йорк шаарына баруу үчүн даярданууда.

Чавушоглунун БУУдагы добуш берүүдөн мурда Палестинага колдоо максатындасчүйлөшүүлөрдү өткөрүшү күтүлүүдө. Министр Чавушоглунун Нью- Йоркко кеткенден мурда массалык маалымат каражаттарына маалымат бериши күтүлүүдө.

БУУнун Жалпы Кеңеши АКШнын президенти Дональд Трамптын Кудусту Израилдин борбор шаары катары таануу чечимин кайра алууга чакырган чечим долбооруна бейшемби күнү добуш берилиши пландалууда. БУУнун Коопсуздук Кеңешине Египет алып барган долбоор 15мүчөлүү кеңеште бир гана АКШнын ветосу менен четке кагылып, долбоордун БУУнун Жалпы Кеңешине алып баруу чечими чыгарылган болчу.



Тектеш кабарлар