Президент Эрдоган Түркиянын коопсуздук стратегиясын билдирди

Түркиянын коопсуздук стратегиясы бир улут, бир желек, бир мекен, бир мамлекет

872300
Президент Эрдоган Түркиянын коопсуздук стратегиясын билдирди

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Түркиянын коопсуздук стратегиясын: «Бир улут, бир желек, бир мекен, бир мамлекет»,- деп билдирди.

Президенттиктин комплексинде айыл өкмөт башчылары менен жолуккан Эрдоган: «Ким мамлекетибизди жок кылууну, параллелдүү мамлекеттерди түзүүнү ойлоп жатса стратегиябыздын байыркы дубалдарын башы менен сүзгөн болот»,-деди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын мурдагы күнү жарыялаган улуттук коопсуздук стратегиясын шилтеме көрсөткөн Эрдоган: «Түркия катары өз коопсуздук стратегиябызды биз мындайча корутундулайбыз. Бир улут, бир желек, бир мекен, бир мамлекет. Биздин коопсуздук стратегиябыз да ушул»,-деп айтты.

Эрдоган: «Кимде-ким улутубузга жана ынтымак-биримдигибизге көз артып жатса коопсуздук стратегиябызга кол салды дегенди берет. Ким желегибизге, азаныбызга, шейиттерибиздин аманаты болгон баалуулуктарыбызга урмат сый көрсөтпөсө коопсуздук стратегиябызды бузган болот. Мекенибиздин бир ташын дагы алууга аракет кылса кызыл чийиндерибизди ашкандыгын туюнтат»,-деди.

Эрдоган: «Кимде-ким мамлекетибизди жок кылууга, параллелдүү мамлекеттерди түзүүгө аракет кылса коопсуздук стратегиябыздын байыркы дубалдарын башы менен сүзгөн болот. Баалуулуктарыбызга кол салгандын колун сындыруу биздин милдетибиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар