Премьер - министрдин Бангладеш сапары

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Бангладеште  жолугушууларды өткөрүүдө.

871482
Премьер  - министрдин Бангладеш сапары

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Бангладеште  жолугушууларды өткөрүүдө.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Бангладеш сапарынын алкагында Түркиянын Даккадагы элчилигинин пайдубалын түптөө аземине катышты. Йылдырым аземде сүйлөгөн сөзүндө жаңы элчилигинин эң аз 100 киши иштей турган бир комплекс катары куруларын баса белгилеп : «Өлкөбүзгө жарашкан элчилик коплекси 2019 -  жылы кызматка кирген болот»,- деди. Даккадагы Улуттук шейиттер эстелигин да зыярат кылган Йылдырым бул жерде зыярат дептерине кол тамгасын калтырды.

Йылдырым дептерге жазган жазуусунда 1971 -  жылдагы көз карандысыздык согушунда каза болгон бенгалдыктарды түрк калкы жана өз атынан эскертүү мүмкүнчүлүгүн тапкандыгын белгиледи. Түркия менен Бангладеш элдеринин ортосундагы бир туугандык байланыштрадын көз карандысыз Бангаладеш мамлекетинин курулушунан мурункуга таянгандыгын баса белгилеген Йылдырым куттуктоосун : «Түрк калкы бенгалдык бир туугандарынын Боштондук согушубузда көрсөткөн колдоосун эч качан унутпайт. Өлкөлөрү үчүн тайманбастык менен күрөшкөн Бангладеш шейиттерине урмат – сый көрсөтүүдөн сыймыктанам. Алардын мурасы Бангладеш калкын бул демократиялык, кубанычтуу өлкөнүн курулушунда күч берди»,- деп улантты.

Премьер  - министр Йылдырым Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКА тарабынан Shaheed Suhrawardy медициналык факультети жана изилдөө ооруканасынын негизинде курулган химиотерапия бөлүмүнүн ачылышын аткарды. Ачылуудан кийин Йылдырым Бангладештин куруучу лидери Бангабандху Шейх Мужибур Рахмандын кабыры жайгашкан  Бангабандху эстелик музейин зыярат кылып, эстелик дептерине кол жазмасын калтырды.

 

 



Тектеш кабарлар