Түркия-дүйнөнүн эң ири долбоорлорун ишке ашырган өлкө

АК Партиянын жетекчи милдетин актаруучу жана өкмөт башчы Бинали Йылдырым: «Түркия эми катардагы эле бир өлкө эмес. Түркия дүйнөнүн 13-чоң экономикасына айланды. Түркия-дүйнөнүн эң ири долбоорлорун ишке ашырып жаткан өлкө болуп саналат»,-деди.

869917
Түркия-дүйнөнүн эң ири долбоорлорун ишке ашырган өлкө

Премьер-министр Бинали Йылдырым, дүйнөнүн эң ири долбоорун ишке ашырган өлкөнүн Түркия экенин айтты.

АК Партиянын жетекчи милдетин актаруучу жана өкмөт башчы Бинали Йылдырым: «Түркия эми катардагы эле бир өлкө эмес. Түркия дүйнөнүн 13-чоң экономикасына айланды. Түркия-дүйнөнүн эң ири долбоорлорун ишке ашырып жаткан өлкө болуп саналат»,-деди.

Өкмөт башчы Йылдырым: «Бир гана ичкериде эмес, тышкарыда да террор уюмдарына, өлкөбүзгө карай жаман план түзгөн күчтөргө каршы аесуз күрөшүүбүздү улантабыз. Түркиянын дүйнөгө дүлөй болушуна, дүлөйгө айландырылышына эч качан уруксат бербейбиз. Негизсиз талаштар, бош иштер менен убактыбызды коротпойбуз. Биримдик, ынтымак менен, бир жүрөктөй болуп ишеничтүү кадамдарды таштап илгерилейбиз. Буюрса бардык кыялдарыбызды орундатабыз»,-деди.

АКШ бийлигинин Кудусту бир жактуу түрдө Израилдин борбор шаары деп жарыялоосу менен Түркиянын аймактагы маанисинин дагы бир жолу көрүнгөнүн баса белгилеген Йылдырым: «Биз үчүн Кудустун Израилдин борбор шаары деп кабыл алынышы мүмкүн эмес. Бул чечим мүмкүн болбойт, бош болот»,-деп айттык. Муну менен эле тим болгон жокпуз, «Мындан ары Чыгыш Кудус Израилдин эмес, Палестинанын борбор шаары болот»,-дедик. Буюрса бул тууралуу эмгектерибизди БУУ багытында эл аралык жыйналыштарда айтабыз. Палестинанын дагы көп таанылышы үчүн керектүү аракетти кылабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар