Түркия Иракты куттуктады

Түркия Иракты террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүнөн улам куттуктады.

865681
Түркия Иракты куттуктады

Түркия Иракты террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүнөн улам куттуктады. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн күрөштө каза болгон ирактыктар үчүн көңүл айтылды. Маалыматта бул сөздөргө орун берилди : «Ирактын ДЕАШка каршы жүргүзгөн күрөшүнүн ийгиликтүү аякташынан улам ыраазычылык билдирип, Ирак өкмөтүн куттуктайбыз. Каза болгон ирактык бир туугандарыбыз үчүн көңүл айтабыз. Мындан кийинки процессте куткарылган аймактардын кайрадан курулушу, Ирак мекемелеринин күчтөндүрүлүшү жана ирактык бир туугандарыбыздын арасында улуттук макулдашуунун түзүлүшү үчүн чечкиндүү кадам таштоосуна муктаждыктын бар экендиги белгиленүүдө. Бул тууралуу жасала турган иштердин коомдун бардык бөлүктөрүн камтыган бир түшүнүк менен ишке ашырылышы мааниге ээ болууда».

Маалыматта Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүдө болгондой ДЕАШтан кийинки мезгилде да ар тармакта Ирак өкмөтү менен кызматташтык жана тилектештик ичинде кыймыл кылуунун улантылары баса белгиленди.

Ирактын премьер  - министри Хайдар ел Ибади кечээ жеңиш  тууралуу сөз сүйлөп, ДЕАШка каршы жеңишке жетишкендерин жарыялап, борбор шаар Багдаттагы тынчтык менен куттуктады.



Тектеш кабарлар