Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасынын алынышы ушул аптада такталып бүтөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, баш калаа Анкарада  үстүбүздөгү жылдын сегизинчи жолугушуусун өткөрдү.

866230
Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасынын алынышы ушул аптада такталып бүтөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасынын алынышынын ушул аптада тактала турганын билдирди.

Эрдоган жана Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, баш калаа Анкарада  үстүбүздөгү жылдын сегизинчи жолугушуусун өткөрдү.

Эки лидер бир сааттай уланган бетме-бет жолугушуусунан кийин бирглеше маалымат жыйын өткөрүштү.

Бүткүл дүйнө кызыгып күткөн жолугушуу тууралуу  алгачкы маалыматты берген президент Эрдоган, сөздөрүн президент Путинди Түркияда дагы бир жолу тосуп алганы үчүн ыраазы болгонун айтып баштады.

Түркия-Орусия карым-катнаштарынын бардык тармакта өнүгүп уланганын белгилеген президент, саясий ыргактын гуманизм, соода, туризм жана энергетика  карым-катнаштарына да чагылышканын баса белгиледи.

Орусия менен соода көлөмүнүн жылдын алгачкы 10 айында 30 пайыздык өсүү көрсөткөнүн белгилеген Эрдоган, Аккую атомдук станциясы ж.у.с. биргелешкен энергетикалык долбоорлордун кыска мөөнөттө ишке ашырылышынын маанисине токтолду.

Путин менен аймактык маселелерди да карап чыккандарын айткан Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамптын Кудусту (Иерусалим) Израилдин борбор шаары деп жарыялоо токтомунун бүткүл дүйнөдө кыжырданууну туудурганын белгилеп, мусулман, христиан жана акыл-эси ордундагы жөөттөрдүн да таарынычта экенин билдирди.

Токтомдун жарыяланышынан бери Израиль полициясынын 4 палестиналыкты шейит кылып 2 миңдейин жаралаганын айткан Эрдоган, Кудус маселесине кароодо Путин менен бирдей пикирде болгондорун маалымдады.

Конок президент менен Сириядагы абалды да карагандарын түшүндүргөн Эрдоган, Астана процессинин кепилдери катары Орусиянын Сочи шаарында өткөрө турган 22-ноябрдагыга окшогон жаңы саммиттин да белгисин бере кетти.

Эрдоган, Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасынын алынышы темасындагы иштердин ушул аптада тактала турганын билдирди.

Конок президент Владимир Путин болсо Сирия маселесинде Түркия менен тыгыз кызматташтык уланганын белгилеп, бул өлкөнүн жерлеринин чоң бөлүгүнүн террористтерден тазаланганын айтты.

Путин Түркиядан мурда сапар жасаган Сирияда президенти Башар Асад менен саясий өткөөл мезгил үчүн режимдин жооптуу кызматкерлери менен оппозициячыл катмарларды жолугуштурууну көздөгөн Сирия Улуттук диалог конгрессин карап чыккандарын билдирди.

Сирияда чечүүчү жол табыш үчүн Эрдогандын аракеттери мактоого арзырлык экенин белгилеген Путин, Кудус темасында болсо АКШ бийлигин «тынчтык процессин балталаган чечим чыгарганы» менен сындады.

Орус лидери Кудустун статусу маселесинин, бир гана Израиль менен Палестинанын түздөн-түз сүйлөшүүлөрү менен камсыздала турганын белгилеп өттү.

Путин, Түркиядан мурда күтүлбөгөн түрдө барган Сириянын Латакия шаарында бул өлкөдө жайгашкан Орусиянын аскердик бөлүктөрүнүн бир бөлүмүнүн өлкөгө кайтуу буйругун берди.

Орусиянын бөлүктөрү Сирияга 2015-жылы жайгашкан. Владимир Путин Сириядан кийин Египетке да кыска мөөнөттүү сапар жасады.

 

 



Тектеш кабарлар