Түркиянын өкмөт мүчөлөрүнүн АКШга каршы чыгуусу...

Түркиянын өкмөт мүчөлөрү АКШнын президенти Трамптын Иерусалим тууралуу жарыялаган токтомун айыптаган билдирүүлөрүн айтышты.

865129
Түркиянын өкмөт мүчөлөрүнүн АКШга каршы чыгуусу...

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, АКШнын Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп таануусу тууралуу токтомунан кийин чогула турган Ислам Кызматтык Уюунун айыптап эле тим калбай атайын бир позицияны, тутумду ортого салышы керектигин айтты.

Боздаг, АКШнын Иерусалимди «Израилдин борбор шаары» деп таануусу тууралуу: «Түркия, Палестина-Иерусалим темасында ушул убакка дейре абдан так, жана абдан ачык саясаттардын жактоочусу болду. Мындан кийин да жалгыз калса дагы Түркиянын оюу, көз арашы алмашпайт»,-деп айтты.

Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли да АКШнын Иеруслаимди Израилдин борбор шаары деп таануу токтому тууралуу, «Иерусалим тууралуу Трамптын чыгарган чечими чоң жаңылыштык. Муну өзү да абдан кыска убакттын ичинде көрөт»,-деди.

Өнүгүү министри Лүтфү Элван болсо, АКШнын Иеруслаимди Израилдин борбор шаары деп таануусунун аймактагы тынчтыкты тебелеген чечим болгонун айтты. Мерсинде сөз сүйлөгөн Элван: «Бул аймакта тынчтык, ынтымак жана ыраттуулукту кааласак, бул токтом сөзсүз артка кайтарылышы керек»,-деди.

Илим,өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлү, бул токтомдун өрткө бензин төгүү экенин айтып, «Жоопкерчиликсиз мамиле жана жаңылыш чечим»,-деди.



Тектеш кабарлар