Түркия Израилди ченемсиз күч колдонгону менен айыптады

Түркия,палестиналыктарга карай Израиль күчтөрү тарабынан ченемсиз күч колдонулганын айыптады.

864999
Түркия Израилди ченемсиз күч колдонгону менен айыптады

Түркия, Иерусалимде нааразылык акциясын уюштурган палестиналыктарга карай Израиль күчтөрү тарабынан ченемсиз күч колдонулганын айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Иерусалимдн статусу тууралуу эл аралык укук жана БУУнун тийиштүү бардык токтомдоруна каршы жасалган билдирүүдөн кийин басып алуу астында турган жерлерде нааразылык акциясын уюштурган палестиналыктарга Израиль күчтөрү тарабынан күч колдонулганы эске салынды.

Анда, «Нааразылык акцияларын уюштурган палестиналыктарга Израиль күчтөрү тарабынан күч колдонулушунун себебинен 4 киши каза тапканы жана жүздөгөн палестиналыктар жаракат алганы үчүн терең кайгыруудабыз жана санааркап жатабыз. Израилдин ченемсиз күч колдонуусун катуу айыптайбыз»,делди.



Тектеш кабарлар