Орусиянын президенти Путин дүйшөмбү күнү Анкарага келет

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Путин кечээ да Иерусалимдеги абалдар тууралуу телефон аркылуу сүйлөшкөн.

864496
Орусиянын президенти Путин дүйшөмбү күнү Анкарага келет

Орусиянын президенти В. Путин президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен 11 – декабрь дүйшөмбү күнү Анкарага келет.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Путиндин президент Эрдогандын чакыруусу менен  11 -  декабрда Түркияга сапар менен келерин билдирди. Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Путин Анкарада өткөрө турган жолугушууда Түркия менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу карым  - катнаштар менен бирге башта Иерусалим маселесиндеги акыркы абалдар менен Сириядагы абалдар, аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алышууларда болушары белгиленди.

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Путин кечээ да Иерусалимдеги абалдар тууралуу телефон аркылуу сүйлөшкөн.



Тектеш кабарлар