Эрдоган - Путин - Папа сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Иерусалимдеги  акыркы абалдар тууралуу пикир алышууларда болушту.

864138
Эрдоган  - Путин - Папа сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин менен телефондо сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Иерусалимдеги  акыркы абалдар тууралуу пикир алышууларда болушту.

Израилдин 1980 -  жылы чыгарылган Иерусалимди аннекция чечиминин эл аралык коом жана БУУму тарабынан четке кагылгандыгына көңүлдөрдү бурган президент Эрдоган АКШ өкмөтү таштаган акыркы кадамдын аймактагы тынчтык жана ырааттуулукка тескери таасир тийгизери баса белгиленди.

Орусиянын президенти Путин да ошол эле көз карашта экендигин айтып БУУнун Коопсуздук Кеңешинин негизинде  бул жагдайларды иликтешерин белгиледи. Эки лидер эки тараптуу жана эл аралык темаларда пикир алышууларда болуу үчүн жакын байланыш ичинде болуу тууралуу макулдашты.

Ошол эле учурда президент Эрдоган Иерусалимдеги акыркы абалдарга байланыштуу католиктердин руханий лидери Папа Франциск менен да телефондо сүйлөштү. Сүйлөшүүдө АКШ өкмөтүнүн Иерусалим тууралуу таштаган кадамынын тынчсыздантуучу экендиги белгиленди.

Президент Эрдоган аймактын тынчтыгы жана ырааттуулугу үчүн 1967 -  жылдагы чектеринин негизинде борбор шаар Чыгыш Иерусалим болгон көз карандысыз жана эгемендүү Палестина мамлекетинин түзүлүшүнүн шарт экендигин белгиледи.

Иерусалимдин еврейлер, христиандар жана мусулмандар үчүн ыйык жер экендигин баса белгилеген президент Эрдоган менен Папа Франциск бул шаардын статусун өзгөртүүгө карата бардык аракеттерден алыс туруу керектигин айтты.

Иерусалим тууралуу эл аралык укуктун жана БУУнун чечимдеринин бузулушу деген мааниге келе турган кыймылдарга эл аралык коомдун каршылык көрсөтүшү керектигин белгилеген президент Эрдоган менен Папа Франциск АКШ өкмөтүнүн таштаган кадамынын жаңылыш экендигин башка бир платформаларда  билдиришерин да белгиледи.

Президент Эрдоган ушунун алкагында Түркиянын Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектешкен башкаруучусу  13 -  декабрда Стамбулда кезектеги ислам саммитин өткөрөрүн баса белгиледи. Сүйлөшүүдө Түркия жана Ватикандын ортосундагы жакшы карым – катнаштардын дагы да күчтөндүрүлүшү тууралу да макулдашышты.



Тектеш кабарлар