Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгы Трамптын чечимине каршылык көрсөттү
Трамптын чечими тынчтыкка, бейпилдикке, коопсуздукка урулган сокку болуп саналат
Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш, АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары кабыл алуу чечиминин тынчтыкка, бейпилдикке, коопсуздукка урулган сокку экенин белгиледи.
Али Эрбаш өз билдирүүсүндө, Иерусалимдин бүткүл мусулмандардын жалпы маселеси экенине көңүл бурду.
Иерусалимдин статусунун жалгыз гана саясий статус катары эсептелбей турганын баса белгилеген Эрбаш: «Иерусалим кандайдыр бир өлкөдөгү бир жердин бөлүгү эмес. Мындай чечим сезимталдуулукту жоюу жана адамзаттын жүрөгүнүн сыздашына себепчи болууда. Ынтымактуу жашоо маданиятына, бейпилдикке жана коопсуздукка урулган сокку болуп саналат. Тынчтык аймагынын кагылышуу аймагына айландырылышы максатталууда»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.