Трамптын чечиминен Жакынкы Чыгыш терс таасир алат

Эгемендүү Палестина мамлекети түзүлмөйүнчө Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтык болбойт

863149
Трамптын чечиминен Жакынкы Чыгыш терс таасир алат

Президент Режеп Тайип Эрдоган, АКШнын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таануу чечиминен кийин Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана ырааттуулуктун терс таасир алаарын айтты.

Эрдоган Пакистандын президенти Мемнун Хүсейин менен телефондо сүйлөштү.

Кечки убактарда өткөрүлгөн сүйлөшүүдө, президент Эрдоган 1967-жылдагы чек ара келишиминин негизинде борбор шаары Чыгыш Иерусалим болгон эгемендүү Палестина мамлекети түзүлмөйүнчө Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтык орнобой турганына көңүл бурду.

Түркиянын Иерусалим маселесине байланыштуу 13-декабрда Стамбулда кезексиз Ислам жыйынын өткөрө турганын белгилеген президент Эрдоган, бул боюнча ар кайсы лидерлер менен телефон сүйлөшүүлөрүн өткөрдү.



Тектеш кабарлар