Түркиядан Түштүк Кореяга расмий сапар
Премьер-министр Йылдырым Түштүк Кореяга барат
Премьер-министр Бинали Йылдырым Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак-Йондун чакыруусу боюнча 4-декабрдан 6-декабрга чейин Түштүк Кореяга расмий сапар жасайт.
Маалымдалгандай Йылдырым борбор шаар Сеулда Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак-Йон менен жолугушат.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин тарабынан кабыл алына турган Йылдырым, Улуттук парламенттин төрагасы Чон Се Гюн менен да жолугушат.
Жолугушууларда эки тараптуу саясий, экономикалык, соода-сатык, маданий кызматташтык тармактары менен катар терроризге каршы күрөшүү, тартипсиз жер которуу маселеси, учурдагы аймактык жана эл аралык маселелердин каралышы күтүлүүдө.
Йылдырымдын Түштүк Корея сапары, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына туш келгени жагынан өзгөчө маанилүү болуп саналат.