Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравияга ракета атылышын айыптады

Балиистикалык ракета атууда жан жоготуунун болбогондугу билдирилди.

859728
Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравияга ракета атылышын айыптады

Түркия Сауд Аравиянын Хамис Мушайт шаарына хусилер тарабынан жасалган баллистикалык ракета кол салуусун айыптады. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Йемендеги хуси куралдуу күчтөрү тарабынан кечээ Сауд Аравиянын территорияларына дагы бир жолу баллистикалык ракетанын атылышын айыптайбыз»,- деп билдирилди.

Маалыматта Хамис Мушайт шаарын бутага алгандыгы аныкталган ракетанын Сауд абадан коргонуу системалары тарабынан жардырылып, жан жоготуунун болбогондугу белгиленди жана : «Сауд Аравиянын территорияларын бутага алган мындай кол салуулардын кайталанбашынан үмүт кылабыз»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар