Президент Эрдоган Грецияга сапар менен барат
Эрдоган Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун чакыруусу менен бул сапарды ишке ашырат.
859975
Президент Р. Т. Эрдоган 7 – 8 – декабрда Грецияга сапар менен барат. Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматка ылайык Эрдоган Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун чакыруусу менен бул сапарды ишке ашырат.
Сапарда эки тараптуу карым – катнаштар менен аймактык темалар каралат. 65 жылдан кийин Түркиядан Грецияга президенттик деңгээлде ишке аша турган бул сапар менен эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын дагы жакшы деңгээлге жетери күтүлүүдө.