Инициатива менен үстөмдүк мамлекеттин колунда

Террордук уюмдардын максаттары эмне?

859264
Инициатива менен үстөмдүк мамлекеттин колунда

Премьер-министр Бинали Йылдырым террордук уюмдар менен күрөшүүдө инициатива менен үстөмдүктүн мамлекеттин колунда экенин айтты.

Бинали Йылдырым Анкарада Жардармериянын Башкы командирлигинде сөз сүйлөдү.

ПККнын улуттун биримдүүлүгүн, ынтымагын жок кылууга аракет кылган террордук уюм экенин белгилеген Йылдырым, бул уюмга каршы акыркы жылдардагы күрөшүүнүн баатырдык күрөшкө айланганын айтты.

ПККнын кайрадан күчтөнүүсүнүн мүмкүн эмес экенин баса белгилеген Йылдырым, уюмдун өлкөнүн ичиндеги кыймылдарын токтотуусуна абдан аз убакыт калганын билдирди.

Терррордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүгө да токтолгон Йылдырым: «Өлкөбүзгө кирүүгө аракет кылган 50 миңден ашуун чет элдик террористти кайра кетирдик. 5 миңден ашуун  ДЕАШтын мүчөсүн да кармадык, керектүү мыйзамдык процессти улантып жатабыз»,-деди.

Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ менен күрөшүүнү түшүндүргөн Йылдырым: «ФЕТӨ глобалдык күчтөрдүн көзөмөлүндө турат жана максаттарынын негизинде ар кандай ыпылас иштерди жасоодон уялбайт. Жөн жерден жалаа жаап, күнөөсүз адамдарды да уюмдун мүчөсү деп сатып кетүүдө. Буларды да билип турабыз»,-деп айтты.

Йылдырым, ФЕТӨнүн өзгөчө адамдарды бири-бирине кайраштырууну максаттаганын айтты.

ФЕТӨнүн айрым чөйрөлөр менен ыпылас кызматташууларды түзө алганын баса белгилеген Йылдырым, көптөгөн өлкөдө бул кызматташтыгын көрүп жаткандарын айтты.

Йылдырым: «Алдыбызда катаал күрөш бар бирок бул күрөштө муну даана көрө алабыз. Инициатива, үстөмдүк мамлекеттин колунда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар