Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш : "Саясаттын тили башка, туризмдин тили башка"

Маданият жана туризм министри Нуман Куртулуш немис саясатчылардын Түркияга каршы кыймылынын туризмге таасирин тийгизбегендигин билдирди.

858527
Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш  : "Саясаттын тили башка, туризмдин тили башка"

Түркияга эң көп турист келген өлкө тизмесинде Германия экинчи орунда турат. Маданият жана туризм министри Нуман Куртулуш немис саясатчылардын Түркияга каршы кыймылынын туризмге таасирин тийгизбегендигин билдирди. Куртулмуш Антальяда Эл аралык Ресорт туризм конгрессинде сөз сүйлөдү.

Куртулмуш : «Европадагы шайлоодо Түркияга каршы колдонулган саясий тилге көңү бура турган болсок бул 3 миллион 336 миң немис туристтин Түркияга келбеши керек эле»,- деген Куртулмуш : «Жогорку жактан жасалган эскертүү боюнча туристтер Түркияга келбестен, немис жарандары мындан таасирлениши керек болчу. Бирок дайыма айткан бир нерсе дагы бир жолу ортого чыкты. Саясаттын тили башка, туризмдин тили башка»,- деди.

10 айда 29, 1 миллион туристтин Түркияга келгендигин белгилеген Куртулмуш : «Өткөн жылдын 10 айы менен салыштырганыбызда Түркияга келген турист санында 28 пайыздык артуу бар. Бул биз үчүн маанилүү ийгилик. Эмне кылса кылышсын, эмне айтса айтышсын Түркияны билген, элдин меймандостугун, маданий байлыгын, тарыхынын тереңдигин билген немис туристтер Түркияга келүүнү улантты»,- деди.



Тектеш кабарлар