Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Азербайжанга барат

Министр Чавушоглу тышкы иштер министрлеринин үчтүк жыйынынан улам Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынышы күтүлүүдө.

857873
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Азербайжанга барат

 

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Азербайжандын жетекчилигинде 30 -  декабрда Бакуда өткөрүлө турган Түркия  - Азербайжан  -  Пакистандын тышкы иштер министрлеринин  үчтүк жыйыны менен  1 -  декабрда өткөрүлө турган Афганстанга байланыштуу Азиянын жүрөгү  - Стамбул процессинин жетинчи министрлер конференциясына катышат.

Түркия, Азербайжан жана Пакистандын тышкы иштер министрлигинин арасында биринчи жолу өткөрүлө турган үчтүк жыйынында дос жана бир тууган үч өлкөнүн арасындагы карым – катнаштардын бардык тармакта дагы да өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралат, айрыкча аймактык жана эл аралык темалар тууралуу да пикир алышууларда болушат.

Министр Чавушоглу тышкы иштер министрлеринин үчтүк жыйынынан улам Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынышы күтүлүүдө.

Афганстанга бардык тармакта колдоо берүү максатында аймактык кызматташтык жана тилектештикти күчтөндүрүүнү максат кылган Стамбул процесси Түркиянын жол башчылыгында 2011 -  жылы 2 -  ноябрда өткөрүлгөн «Афганстан үчүн Стамбул конференциясы» менен ишке ашырылды.

Түркия Стамбул процессиндеги активдүү ролун улантууда. Бул жолу Афганстан жана Азербайжандын кош төрагалыгында чогула турган министрлер конференциясына Түркия жана 14 аймак өлкөсү менен бирдикте процессти колдогон өлкөлөр, айрыкча аймактык жана эл аралык мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Министр Чавушоглунун конференциянын негизинде Азиянын жүрөгү өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен  эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү да күтүлүүдөү



Тектеш кабарлар