Лондондо алгачкы түрк инвестиция банкы ачылды

Премьер-министр Бинали Йылдырым,«DOME Group» инвестбанкынын ачылышында сөз сүйлөдү.

855504
Лондондо алгачкы түрк инвестиция банкы ачылды

Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин чакыруусу боюнча ал өлкөгө барган премьер-министр Бинали Йылдырым, Лондондогу алгачкы түрк капиталы салынган «DOME Group» инвестиция банкынын ачылышын жасады.

Йылдырым, «DOME Group» инвестбанкынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө «DOME» сөзүнүн түрк тилиндеги мааниси «купол», «чатыр» жана «курчаган» түшүнүгүн бергенин айтты.

Бинали Йылдырым: «Бул инвестбанк менен жасала турган иш-аракеттерди экономикадан баштап бул ишке акчасы, убактысы, накталай акчасы менен камсыздаган Догуш Холдинг, FİBA Холдинг жана башка өнөктөштөр керектүү пайданы көрүшөт. Өздөрү дагы экономикабыз дагы пайда табат. Бул алгачкысы болуп жаткандыктан башка инвесторлорубузга үлгү болушу мүмкүн»,-деди.

Өкмөт башчы Йылдырым, андан соң Европа Биримдиги боюнча министр Өмер Челик, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) жетекчи орун басары Мехди Экер, АК партиянын фракциясынын төрага милдетин аткаруучу Мустафа Элиташ, Түркиянын Лондондогу элчиси Абдуррахман Билгич жана Догуш Холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасы Ферит Шахенк менен бирге тасманы кесип, банктын ачылышын жасады.



Тектеш кабарлар