Эзүүчү тартиби бир күнү кыйрайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2005-жылдын башында жумуш менен камсыздоонун 6 миллион болгонун, бүгүнкү күндө 28 миллион 100 миң кишиге жеткенин айтты.

856165
Эзүүчү тартиби бир күнү кыйрайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Анкаранын Эң мыктыларына» сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Түркиянын экономикасы өскөнүнө көңүл бурган Эрдоган, 2005-жылдын башында жумуш менен камсыздоонун 6 миллион болгонун, бүгүнкү күндө 28 миллион 100 миң кишиге жеткенин айтты.

Эрдоган, каршы жүргүзүлгөн акцияларга карабастан туризм кирешесинин быйыл 20 миллиард доллардан ашканын белгилеп кетти.

Түркияга каршы жүргүзүлгөн каралоолорго карабастан дагы деле типтик бутунда турган Түркия жана Түркия экономикасы бар экенин айткан Эрдоган, Түркиянын өсүүсүнүн террордук уюмдар менен токтотула албай турганын, Түркияга каршы аракеттерге киргендердин тарыхта болгону сыяктуу ошондой эле ойлорун таш каба турганын белгилеп өттү.

Бүгүнкү өнүгүү деңгээлин өтмүштөгү эзүүчү таптарына карыз болгон батыш өлкөлөрүнүн тескерисинче Түркиянын таза өткөнгө ээ экенин баса белгилеген Эрдоган, «Балким көрүнүп турган табигый булак же эзүүчүлүк аркылуу өнүккөндөрдөн артта калган сыяктуу көрүнүшүбүз мүмкүн. Бирок чындыгында биз алда канча алдыдабыз. Ал булактар бир күнү түгөнөт. Эзүүчү тартиби бир күнү кыйрайт»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар