Чукурованын бакаларына Европадан талап чоң

Бул бакалар үч өлкөгө экспорттолууда

852860
Чукурованын бакаларына Европадан талап чоң

Түркиянын маанилүү айыл чарба борборлорунан Чукуровадагы саздак жерлерден чогултулуп иштетилген бакалардын буттары Европадагы үч өлкөнүн ашканасына жеткирилет.

Чогултулушунан иштетилишине чейин ар бир баскычы убара тарттырган баканын буттары, азыктык баалуулугу жогору болгондуктан айрым Европа өлкөлөрүнүн баш тартылгыстарынын арасында орун алууда.

Аданадагы суу азыктары ишканасында иштетилген бакалар, Франция менен катар Италия жана Швейцарияга экспорттолууда.

Саздак жерлерден жылдын ар мезгилинде чогултулуп тирүү ишканага алып келинген бакалар, бул жерде көлөмдөрүнө жараша бөлүнүп талап боюнча тирүү же тоңдурулуп чет өлкөгө жөнөтүлөт.



Тектеш кабарлар