Вице - премьер - министр Бекир Боздаг Египеттги кол салууну айыптады
Боздаг Түркиянын Егиепт калкынын жана мамлекетинин жанында экендигин айтты.
854878
Вице - премьер - министр Бекир Боздаг жума күнү Египеттеги Равдах мечитине кол салып 235 кишинин каза болушуна жана 109 кишинин жараланышына себеп болгон террористтердин ислам душманы экендигин айтты. Кол салууну айыптаган Боздаг : «Түркия Египет калкынын жана ммалкетинин жанында»,- деди.
Террордук кол салууда каза болгондор үчүн дагы бир жолу көңүл айтып жана жаралангандардын тез айыгып кетишин каалаган Боздаг Түркиянын бул окуяда Егиепт калкынын жана мамлекетинин жанында экендигин билдирди.