Ак үйдөн Эрдоган - Трамп сүйлөшүүсүнө байланыштуу маалымат
Сүйлөшүүдө Трамп Сирияда ортокторуна карата аскердик жардамдашуудагы жаңы түзөтүүлөр тууралуу президент Эрдоганга маалымат берди.
Ак үй кечээ өткөн Эрдоган - Трамп сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берди. Маалыматта ПКК жикчил террордук уюмдун Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГге берилген куралдар тууралуу президент Трамптын Сирияда ортокторуна карата аскердик жардамдашуудагы жаңы түзөтүүлөр тууралуу президент Эрдоганга маалымат бергендиги билдирилди.
Маалыматта : «Эки лидер Сирияда жарандык согуштун аякташы үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2 миң 254 – номердүү долбоорунун турмушка ашырылышы жана Женева процессинин колдоого алынышынын маанисине токтолушту»,- деп билдирилди. Муну менен бирге : «Президент Эрдоган менен президент Трамп Сириянын террордук уюмдар үчүн ишенимдүү жер болбошу жана тышкы кийлигишүүлөргө ачык болбошу үчүн Сириянын ырааттуулук жана биримдик ичинде болушунун мааниси баса белгиленди»,- деп айтылды.
Ак үйдүн билдирүүсүндө эки лидердин АКШдан сатып алына турган аскердик материалдар тууралуу сүйлөшкөндүгү да белгиленди.