Орусиядагы үч тараптуу жыйында лидерлер маанилүү чечимдерди чыгарышат

Үч өлкөнүн лидерлери Сочиге чогулду

852943
Орусиядагы үч тараптуу жыйында лидерлер маанилүү чечимдерди чыгарышат

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлө турган Түркия, Орусия, Ирандын Сирия күн тартиптүү үч тараптуу жыйынында маанилүү чечимдин жарыялана турганын айтты.

Стамбулда Йылдыз техникалык университетинин академиялык ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Йылдырым, Сочидеги жыйында президент Режеп Тайип Эрдоган, Ирандын президенти Хасан Рухани жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугуша турганын белгиледи.

Йылдырым лидерлердин Астана процессиндеги акыркы абалды карай тургандарын жана бул жерден кийинки кадам Женева процессине өтүү үчүн керектүү чечимдердин чыгарыла турганын айты.

Премьер-министр сөзүн мындай улады: «Акырындык менен эми токтоп калган, миллиондогон адам көчүүгө аргасыз болгон жана карапайым адамдар көз жумган процессти артта калтырууну каалайбыз. Бул процессте эң чоң түйшүктү тарткан өлкө Түркия болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар