АПАнын 10 - Жалпы Кеңеши башталды

АПАнын 10 -  жалпы кеңеши Түркиянын кезектешкен жетекчилигинде Стамбулда чогулду.

851862
АПАнын 10 - Жалпы Кеңеши башталды

Азия парламентарлар ассамблеясы АПАнын 10 -  жалпы кеңеши Түркиянын кезектешкен жетекчилигинде Стамбулда чогулду.

Жалпы Кеңеш 2 -  АПА иш алып баруу кеңешинин жыйыны менен башталды. Жыйынга Камбоджа королдугунун улуттук ассамблеясынын төрага орун басары, 2 -  иш алып баруу кеңешинин төрагасы Нгуон Нхел жетекчилик кылды. Күн тартиби кабыл алынгандан кийин төрагалык шайлоо өткөрүлгөн жыйында АПАнын баш катчысы Музаммед Реза Мажиди сөз сүйлөдү.

Долбоор отчеттун жалпы кеңеште кабыл алынышынан кийин 2018 -  жылдагы АПАнын төрага орун басарлыгына талапкерликтер такталат.

2020 – 2021 – жылы АПАнын жаңы төрага талапкерлери менен 10 -  АПА Жалпы Кеңешинин долбоор күн тартиби каралат. Жыйын массалык маалымат каражаттарына жабык улантылууда.

Камбоджада өткөн жылы декабрда өткөрүлгөн жыйында БУУнан кийин дүйнөнүн  эң негизги платформаларынын бири болгон АПАнын 2017 – 2019 -  жылдагы кезектешкен башкаруучулук Түркияга өттү.

Түркия  2 жылдан бери мүчөсү болгон АПАнын 42си негизги болуу менен 64 мүчөсү бар. 5  өлкө жана уюм да байкоочу мүчө катары жыйындарга катышууда. Байкоочу уюмдар Азия Өнүгүү Банкы, Ислам Уюму жана Ислам өнүгүү банкынан турат.

Түркияда жалпы төрт жыйын өткөрүлөт. Стамбулдагы жалпы кеңештен кийин Антальяда да жалпы кеңеш жыйын өткөрүлөт. Айрыкча бир гана комиссия төрагалары катыша турган жыйындардын бирөөсү Ванда, бирөөсү да Анкарада өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар