Түркия деңиз таш бакаларын коргоодо

Быйыл 487 миң 136 деңиз таш бакасы деңизге бет алды

848857
Түркия деңиз таш бакаларын коргоодо

Түркия миңдеген деңиз таш бакаларын коргоодо.

Токой жана суу иштери министрлигинин Жаратылышты коргоо жана Улуттук парктар директорлугу тарабынан деңиз таш бакаларынын корголуусу максатында жүргүзүлгөн иш-чаралар аркылуу жыл сайын миңдеген деңиз ташбакалары деңизге бет алат.

Министрликтин координациясында, университеттер жана ыктыярдуу уюмдар тарабынан 143,7 километрдик жээк тилкесинде деңиз таш бакаларына байкоо салуу, коргоо жана аянт камсыздоо иштери жүргүзүлдү.

Мугла, Анталья, Мерсин, Адана жана Хатайда деңиз таш бакаларынын жумурткалоосу үчүн жалпы 21 аянт бар.

Ушундан улам Түркия дүйнөдө эң көп жумуркалоо аянтына ээ болгон өлкөлөрдүн арасында.

Министрлик тарабынан жарыяланган Деңиз таш бакаларынын корголуусуна байланыштуу жобо аркылуу бул аянттарда коргоо-колдонуу шарттары түзүлдү.

Ушул жоболордун алкагында деңиз таш бакаларына керектүү бардык байкоо салуулар жүргүзүлөт.

Деңиз таш бакалары жумурткалаган аянттардан быйыл 487 миң 136 деңиз таш бакасы деңизге бет алды.



Тектеш кабарлар