Түркиянын Башкы штаб төрагалыгы НАТО машыгуусундагы чатактуу абалга каршылык көрсөттү

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында Норвегияда орун алган НАТОнун Шериктеш аскердик борборунда «TRIDENT JAVELIN» аттуу НАТО машыгуусунун акыркы баскычында болгон окуяларга көңүл бурулду...

850288
Түркиянын Башкы штаб төрагалыгы НАТО машыгуусундагы чатактуу абалга каршылык көрсөттү

Түркиянын Башкы штаб төрагалыгы НАТО машыгуусундагы чатактуу абалдын кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында Норвегияда орун алган НАТОнун Шериктеш аскердик борборунда «TRIDENT JAVELIN» аттуу НАТО машыгуусунун акыркы баскычында болгон окуяларга көңүл бурулду...

Машыгуунун «Каршы күч» өлкө лидерлеринин фотосүрөттөрүнүн арасында Мустафа Кемал Ататүрктүн сүрөтү жайгаштырылганы, машыгуу мазмундуу социалдык медиа циклинин ичинде болсо президент Режеп Таййип Эрдогандын атынан жасалма эсеп ачылып «каршы күч» лидерин колдогон сөздөргө орун берилгени эске салынды.

Бул окуялардын кабыл алынгыс болгону белгиленген жарыяда, теманын НАТО аскердик органдары багытында жазуу түрүндө жана оозеки түрдө каршылык көрсөтүлгөнү белгиленди.

Айрыкча машыгууга катышкан Түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкеринин дароо машыгуудан баш тартканы маалымдалды.

Буга кошумча НАТОнун органдары тарабынан бул болгон окуялардын себебинен өкүнгөндөрү  жана окуялардын кабыл алынгыс болгону белгиленип, жазуу түрүндө жана оозеки түрүндө кечирим суралганы баса белгиленди.

Аскердик булактар окуялардын жеке кишиге таандык экенин белгилеп, окуялар боюнча жооптуу эки кишинин кызматтан алынганы маалыматына көңүл бурду.



Тектеш кабарлар