Сирияда ПЙД-ЙПГ, ПКК сыяктуу террордук уюмдардын да укугу бар деген түшүнүк туура эмес

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жуманын ичиндеги Орусия, Кувейт жана Катар сапарларын байкаган журналисттерге маалымат берди.

849972
Сирияда ПЙД-ЙПГ, ПКК сыяктуу террордук уюмдардын да укугу бар деген түшүнүк туура эмес

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын Сирияда ДЕАШка каршы колдонгонун айтып жаткан ПКК-ПЙД-ЙПГ сыяктуу террордук топторго олуттуу каражат төлөп бергенин айтты.

Эрдоган: «Мүнбич ал жердин чыныгы ээлери болгон арабдардын кубаланышына, ал жердин ПЙД-ЙПГга салып берилишине сахна болду. Ошондой эле нерсе Ракка үчүн да жарактуу. Бул жерлердин чыныгы ээлерине калтырылышы үчүн иштер аткарылышы зарыл»,-деди.

Президент Эрдоган, жуманын ичиндеги Орусия, Кувейт жана Катар сапарларын байкаган журналисттерге маалымат берди.

Сирияда чечим табыш үчүн Түркия, Орусия жана Ирандын Астана процессин улантууну каалаганын айткан Эрдоган: «22-ноябрда Сочиде лидерлер деңгээлинде жолугабыз. Бир күн мурда тышкы иштер министрлерибиз жана Башкы штаб төрагаларыбыз жолугат. Идлибдеги 12 байкоочу жер абдан маанилүү. Орусия жана Ирандын бул жер тууралуу талабы бар болсо биз ал жерде жумшак мамиле кылуудабыз. Ал эми Афринден чыгуу темасында Орусиянын бизге берген убадалары бар. Ал жерден бизге багытталган ыктымалдуу коркунуч жана тынчты алууларга карата Түркияга керектүү түшүнүү көрсөтүлө турганы жагдайында бизге убада берилген»,-деп айтты.

Сирия улуттук диалог конгресси менен тийиштүү иш-аракеттердин биргеликте жүргүзүлө турганын белгилеген Эрдоган, Сириядагы оппозициячыл топторду жокко чыгарып чечим табуунун мүмкүн эместигин айтты.

Эрдоган: «Бирок, жикчил террор уюму ПЙД-ЙПГ, ПКК үчтүгүнө да көңүл бурдук; ал жерлерде мындай түрдөгү террордук уюмдардын да укугу бар деген түшүнүк туура эмес. Түркия катары биз террор уюмдары орун алган үстөлдө эч качан олтурбайбыз. Бул Женева үчүн дагы, Астана үчүн дагы жарактуу. Саясаттын намысы бар»,-деп айтты.

«Раккада террордук уюм ЙПГнын мүчөлөрүнө акча бергендери жөнүндө уккандарыбыз бар. АКШнын Түндүк Сирияда беш аба базасы бар, сегиз башка түрдөгү базалары бар. Эми болсо Раккада база куруп жатат. Чындык ортодо турат. Болуп жаткандар, АКШнын ал жерде кургактык пландоосунда орун алганын абдан ачык түрдө ортого салууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар