ДЕАШты ойлоп тапкан ким болсо, ПЙДны курган да ошол

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси  Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын башкы кеңсесинде облустук жетекчилеринин кеңейтилген жыйналышында сөз сүйлөдү.

849758
ДЕАШты ойлоп тапкан ким болсо, ПЙДны курган да ошол

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын түндүгүндөгү Африндин жикчил террор уюму ПККнын аймактагы уландысы ПЙД/ЙПГдан тазаланышы керектигин айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АКП) жетекчиси  Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын башкы кеңсесинде облустук жетекчилеринин кеңейтилген жыйналышында сөз сүйлөдү.

Түркиянын Афринди террористтерден тазалап ал жердеги байкоочу жерлерге ээ болгон элемент катары орун ала турганын белгилеген Эрдоган: «Буга мажбурбуз. Шериктештиктин ичинде оңой эле чечиле турган бир топ маселе АКШ тарабынан бүдөмүккө учуратылды»,-деди.

Ракка жана Мүнбичте АКШ менен бирге операция жүргүзүү сунушун кылгандарына карабастан АКШнын террор уюмдары менен бирге кыймыл кылууну тандаганын баса белгилеген Эрдоган, АКШнын Мүнбичте ПЙД,ЙПГ калбайт дегенине карабастан бул убадасында турбаганын, а бирок ошондой эле оюнга Афринде азгырылбай тургандарын айтты.

Эрдоган: «Түркиянын ДЕАШ жана ПЙДга каршы жүргүзгөн операцияларын балталаган АКШнын кылгысы келген сценрийди билебиз»,-деди.

Сөзүндө террордун аркасындагы күчтөргө да шилтеме кылган Эрдоган: «ДЕАШты ойлоп тапкан ким болсо, ПЙДны курган да ошол. ПЙДны гүлдөтүп аткан ким болсо Түндүк Ирак башкаруучулугун көз карандысыздык жарыялоого багыттаган да ошол. Фетуллахчы террор уюмун (ФЕТӨ) өзүнүн коргоочу калкандарынын астында өстүргөндөрүн да унутпаш керек. ДЕАШ жана ПЙДнын Раккада кол кармашууларына терең үн катпай тургандарын көрүүдөбүз. Сирия демократиялык күчтөрүн эч ким бизге демократиялык мекеме катары сунуштабасын, анын аты демократиялык болгону менен өзү террор уюму»,-деди.



Тектеш кабарлар