Президент Кувейтте

Президент Р. Т. Эрдоганды Кувейтте тышкы иштер министри Ел Халид Ел Сабах тарабынан тосулуп алынды.

847311
Президент Кувейтте
erdogan-ganim.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган Кувейттин Эмири Шейх Сабах  ел  -  Ахмед ел  - Жабир ес  - Сабах Ел Сабахтын  чакыруусу менен Кувейтке барды. Эрдоган түнү менен барган Кувейтте премьер  - министрдин биринчи орун басары жана тышкы иштер министри Ел Халид Ел Сабах тарабынан тосулуп алынды. Эрдоган бүгүн биринчи болуп улуттук парламенттин спикери Мерзук Ел Ганими жана премьер  - министр Шейх Жабир ел    Мүбарак ел  -  Хамад ес -  Сабахту өз өзүнчө кабыл алды. Беян сарайы конок үйүндө өткөн кабыл алуулар басма сөзгө жабык өткөрүлдү. Андан кийин президент Эрдоганды Беян сарайында Кувейттин эмири Шейх ес  - Сабах  расмий азем менен тосуп алды. Аземден кийин президент Эрдоган жана Шейх Сабах делегациялар аралык жана жекеме  - жеке жолугушууларга өтүштү. Жолугушуулардан кийин сүйлөшүүсү аяктаган келишимдерге кол коюу аземи өткөрүлөт. Президент Эрдоган Кувейттен кийин Катарга барат.

Президент Эрдоганды Кувейт сапарында башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар, юстиция министри Абдүлхамит Гүл, тышкы иштер министр Мевлют Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак, жаштык жана спорт министри Осман Ашкын Бак, азык  - түлүк, дыйканчылык жана мал  - чарбачылык министри Ахмет Эшреф Факыбаба, маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш, токой жана суу  чарбачылыгы министри Вейсел Эроглу, транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Ахмет Арслан, улуттук чалгындоо уюмунун кеңешичиси Хакан Фидан жана президенттиктин башкы катчысынын орун басары Ибрахим Калын коштоодо.



Тектеш кабарлар