Түркия - Таиланд туризм келишими

Түркия менен Таиланддын ортосундагы туризмдин арттырылышынын негизинде түрк аба жолдору менен Таиланд өкмөтүнүн ортосунда жакшы ниет келишимине кол коюлду.

844223
Түркия  - Таиланд туризм келишими

Түркия менен Таиланддын ортосундагы туризмдин арттырылышынын негизинде түрк аба жолдору менен Таиланд өкмөтүнүн ортосунда жакшы ниет келишимине кол коюлду.

Түрк аба жолдорунун Азия жана Ыраакы Чыгыш маркетинг төрагасынын орун басары Тунжай Эминоглу менен Таиланд  өкмөтүнүн өкүлү, Эл аралык маркетингдин  төрага орун басары Сисуда Ванапинйосак катышкан кол коюу аземи Англиянын борбор шаары Лондондогу «Дүйнөлүк туризм жарманкесинде» өткөрүлдү. Аземден кийин Таиланд туризм жана спорт министри Кобкарн Ваттанаврангкул жарманкеде кенен аянтка курулган түрк аба жолу стендин барып көрүү менен  түрк аба жолунун макет учагына кол койду.

Бир жылдык келишим менен эки өлкөнүн ортосундагы спорт, маданият, гастрономия жана тарых туризминин арттырылышын максат кылууда. Түркия жана Таиланддын ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын алтымышынчы жылына туш келген 2018 – жылдагы туризмдин эки өлкөнүн бири бирине карата жандандырылышы максат кылынууда.



Тектеш кабарлар