Эми кечээкиден дагы күчтүү Түркия бар
Мустафа Кемал Ататүрк түрк улутунун аң-сезиминде ар дайым сакталып калат
844523
Түркия Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Исмаил Кахраман, Түркия Республикасынын боштондук күрөшүндө жол башчылык кылган Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн түрк улутунун аң-сезиминде ар дайым сакталып калаарын белгиледи.
Кахраман, 10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнү жана Ататүрк жумалыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.
Билдирүүсүндө: «Эми кечээкиден дагы күчтүү жана бакубаттуу Түркия бар»,- деген Кахраман: «Ишеним, тынчтык жана ырааттуулук чөйрөсүн бузгусу келген ар бир багытка каршы күрөшүүбүз чечкиндүүлүк менен уланат. Селжук жана Осмон мамлекетинин мурасы болгон Түркия Республикасы эркиндигин жана маданий өнүгүү жолун түбөлүккө улана берет»,-деп айтты.