Сезондун акыркы кемеси Кушадасында
Круиздик кеме менен 1 миң 236 турист келди
Түркиянын эң маанилүү круиздик портторунан Айдындын Кушадасы районуна 2017-жылдын туризм сезонунун акыркы жүргүнчү кемеси келди.
Кушадасы Эгей Port портуна токтогон Мальта желектүү «Thamson Spirit» аттуу кемеден көпчүлүгү англиялык 1 миң 236 турист түштү.
Туристтердин бир бөлүгү саякат турлары менен Измирдин Селчук районундагы байыркы Эфес шаары жана Мариям эне үйүн зыярат кылышса, экинчи бөлүгү да районду кыдырып соода кылышты.
Кушадасы портунун жооптуу кызматкерлери маалымдагандай, 2017-жылы Кушадасына жалпы 130 круиздик кеме аркылуу 119 миң 814 турист жана орто эсеп менен 50 миң кеме кызматкери келди.
Кушадасы портуна октябрь айына чейин Грециянын Самос аралынан да 437 паром каттамы аркылуу 67 миң 981 жүргүнчүнүн келгени белгиленди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.