Эрдоган жаңы «Ататүрк» маданият борборунун долбоорун таанытты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Халичтеги конгресс борборунда «Жаңы АКМ долбоорунун» таанытуу жыйналышында долбоордун кеңирисин түшүндүрдү.

841808
Эрдоган жаңы «Ататүрк» маданият борборунун долбоорун таанытты

Жаңыдан долбоорлонгон Стамбулдагы «Ататүрк» маданият борбору (АКМ) даярдалган анимация фильми менен коомдук пикирге таанытылды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Халичтеги конгресс борборунда «Жаңы АКМ долбоорунун» таанытуу жыйналышында долбоордун кеңирисин түшүндүрдү.

Бул жердеги сөзүндө «Түрк улуту катары биздин маданият-көркөм өнөр булактарыбыз бай» деген Эрдоган: «Чыгышты көздөй барсаң Кавказия маданияты, Орто Азия маданияты. Булар биздин маданиятыбыз. Түндүккө барсаң Крым маданияты биздин маданиятыбыз. Түштүк Чыгышка барсаң Месопотамия маданияты чындыгында биздин маданиятыбыз. Анадолу ансыз деле өзүнчө эле маданият бешиги. Сурап көргүлө, чындыгында биздин бул маданият байлагыбызды жетиштүү түрдө билбегенибиз маселе»,-деп айтты.

Долбоордун дизайны тууралуу жаңы көрүнүштөр алгач ирет жарыяланды. Жаңы АКМ, заманбап архитектруасы менен көңүлдөрдү бурат.

Долбоор аяктаганда курамында дүйнөнүн эң акустикалык опера залы, искусство галареясы, театр залы, китепкана, көп максатуу зал, балет залы, көргөзмө залы жана ресторан сыяктуу пайдалануу аянттары орун алат.

Эрдоган: «2019-жылдын биринчи чейрегинде насип болсо бүтүрүлүп тейлөөгө киргенде АКМ, Стамбул жана өлкөбүз үчүн жүзүбүздүн актыгын символдогон мекенге айланат»,-деди.



Тектеш кабарлар