Террор лагерлерин жер менен жексен кылабыз

Биз үчүн террористтердин жанында болгон ар ким террорист болуп саналат

840383
Террор лагерлерин жер менен жексен кылабыз

Президент Режеп Тайип Эрдоган Ирак жана Сирияда аныкталган бардык террор лагерлерин жер менен жексен кыла тургандарын айтты.

Эрдоган Манисада тобу менен ачылыш аземиндеги сөз сүйлөөсүндө, кечээ Хаккаринин Шемдинли районунда 6 аскер жана 2 күзөтчүнүн, бүгүн болсо Диярбакырда бир полиция кызматкеринин шейит болгонун эске салып, аймактагы операциялардын уланганын жана 55 террористтин жок кылынганын билдирди.

Жикчил террордук уюм ПККга, терроризмге каршы күрөшүүдө ушул күнгө чейинкиден дагы көп сокку урулаарын белгилеген Эрдоган: «Учурда уюмдун артында бул мамлекет бар экен, тиги уюмдун артында башка мамлекет бар экен имиш, булардын эч бири бизди кызыктырбайт. Эч бир мыйзамдуу мамлекет өз аскерлерин, кызматкерлерин террористтерге кошпойт. Биз үчүн террористтердин жанында болгон ар ким террорист болуп саналат. Ушул күнгө чейин шериктеш деп, стратегиялык өнөктөштүк деп, биримдүүлүк байланыштары деп бизди алаксыткандарын ойлогондорго акыркы сөзүм ушул. Биз Иракта жана Сирияда аныкталган бардык террор лагерлерин жер менен жексен кылабыз, муну билип коюшсун. Кандилдеги жана Синжардагы маселени бул аймактардын укуктук эгемендүү мамлекеттери чечпесе биз буларды жер менен жексен кылабыз. Жераблус-Эл Баб багытында ийгиликтүү аяктаган, Идлибде да ийгиликтүү улантылган операцияларыбыз берки аймактарга жайылышы мүмкүн. Ал жерлерде сак боло турчу бир нерселер бар болсо, анда азыртадан чара көрүшсүн. Кийин таанырыч болбосун»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар