Президент Р. Т. Эрдоган абалдар тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган расмий жолгушууларды өткөрүү үчүн барган Азербайжандан кайтуусунда учакта Иран жана Ирак менен тыгыз байланышта экендерин айтты.

839258
Президент Р. Т. Эрдоган абалдар тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган расмий жолгушууларды өткөрүү үчүн барган Азербайжандан кайтуусунда учакта Иран жана Ирак менен тыгыз байланышта экендерин айтты.

Жикчил террордук уюм ПККга биргелешкен операциянын Ирак үчүн алдыңкылык эмес экендигин айткан президент : «Бирок бардык чараларды көрүп жатабыз. Кол салуу боло турган болсо операцияга киришибиз мүмкүн»,- деди.

Сириянын түндүк  - батышындагы Идлиб тууралуу Орусия менен бирдей ойдо экендерин белгилеген Р. Т. Эрдоган : «Бул Афринди да камтыйт»,- деди. Президенттин күн тартибинен Ирак күрт аймактык башкаруусунун 25 -  сентябрда өткөргөн мыйзам тышы элдик добуш берүүдөн кийин болгон абалдар да орун алды.

«Ирактын түндүгүндө Барзанинин 1 -  ноябрда кызматын өткөрүп бергенден кийин кандай процесстин башталарын  бирдикте көрөбүз»,- деген Эрдоган : «Ал жерде жаңы бир процесс башталабы же башталбайбы көрөбүз. Федералдык түзүлүш менен бүтүндөшүүнүн болушун каалайм»,- деди.

Президент Ибрахим Халил чек ара капкасынын Багдат башкаруусуна өткөрүп берүү процессин эске салып мунун бир канча күндө аяктай тургандыгын айтты. Эрдоган айрыкча Экинчи Армиянын командири, армиянын генералы Темел жана Ирак башкы штаб төрагасынын абалдарды иликте жаткандыгын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар