Эрдоган Туризм кеңешинде сөз сүйлөдү

Түркия акыркы жылдарда бардык тармакта өнүктү

838651
Эрдоган Туризм кеңешинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияга келген орусиялык туристтердин санынын 3.5 миллионго жакындаганын баса белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын жакшы уланып жатканын билдирди.

Эрдоган борбор шаар Анкарада, Бештепедеги Улуттук маданият жана конгресс борборунда өткөрүлгөн 3-Туризм кеңешинде сөз сүйлөдү.

Туризмде Түркиянын абдан бай архивге ээ экенин баса белгилеген Эрдоган: «Каалгасына келгенди терс караган улут эмеспиз биз. Өлкөбүзгө келген туристтерге алар базардан алган нукура буюмдан дагы маанилүү болгон түрк каада-салтын тартууладык, тартуулап жатабыз жана тартуулайбыз»,- деп айтты.

Түркиянын акыркы жылдарда бардык тармакта өнүккөнүн, ушундан улам да ар түрдүү каралоо үгүттөөлөрү менен бетме-бет келгенин айткан Эрдоган: «Түркия акыркы бир канча жылдан бери экономикалык кол салууларга да дуушар болуп жатат. Насыя рейтингине баа берүүчү мекемелердин саясий терс ниеттүү бааларына эми эч ким маани бербей калды. Биз ишибизди улантабыз, бүткүл дүйнөгө чындыкты көрсөтүүгө, түшүндүрүүгө аракет кылабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар