Эл аралык балдар медиасы конференциясы Стамбулда башталды

Конференция эки күнгө созулат

838800
Эл аралык балдар медиасы конференциясы Стамбулда башталды

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) 6-жолу уюштурган Түркиянын балдарга багытталган жалгыз медиа иш-чарасы болгон «Эл аралык балдар медиасы конференциясы» Стамбулда башталды.

Эки күнгө созула турган конференциянын ачылышын, үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян менен ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен чогуу ишке ашырышты.

Фатма Бетүл Саян конференциянын ачылышындагы сөзүндө, экрандардын балдарга таасирине көңүл бурду.

Конференцияны жетектеген ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен да: «Бала жана медиа маселелерин чечишибиз керек»,- деди.

Конференция быйыл «Балдар медиасында өкүлдүк, плюрализм жана интеграция» темасы менен өтүп жатат.

Бүгүнкү отурумда бозгун балдардын жана майып балдардын медианы колдоно алуулары жана жетүү маселелери каралды.

Эртең болсо медиада этникалык өкүлдүк талкууланат.

Айрыкча «Түркияда сириялык бала болуу» аттуу кыска метраждуу кинотасма сынагынын жыйынтыктары да эртең жарыяланат.

Жергиликтүү жана чет элдик көп сандаган илимпоз жана жарандык коомчулук катышып жаткан «Эл аралык балдар медиасы конференциясы» эртең кечинде аяктайт.



Тектеш кабарлар