"Дирилиш Эртугрул" араб интернет сайтынан берилет

Араб тилинде берүүлөрүн эфирге чыгарган ALNOOR интернет сайты менен ТРТ арапчанын ортосунда өнөктөштүк келишимине кол коюлду.

835679
"Дирилиш Эртугрул" араб интернет сайтынан берилет

Араб тилинде берүүлөрүн эфирге чыгарган ALNOOR интернет сайты менен ТРТ арапчанын ортосунда өнөктөштүк келишимине кол коюлгандыгы, ушундайча сайттын араб дүйнөсүндө кызыгуу менен көрүлгөн «Дирилиш Эртугрул» башта болуп ТРТда эфирге чыккан кээ бир түрк сериалдарын бирдей учурда бере тургандыгы билдирилди.

ТРТ арапча телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда бул келишим менен ALNOOR сайты ТРТнын кээ бир сериалдарын түркчөдөн арапчага которуу жана бирдей убакта эфирге чыгаруу укугуна ээ болду.

Түркияда эфирге чыга турган күндөн бир күн мурун арапчага которула турган сериалдардын арасында «Дирилиш Эртугрул», «Пайитахт Абдулхамид» жана жакынкы убакта көрсөтүлө турган «Küt'ul Amareнин» орун алгандыгы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар