Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжанга барат

Президент Р. Т. Эрдоган Баку – Тбилиси  - Карс темир жолунун алгачкы каттамы жана Түркия  - Азербайжан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешинин алтынчы жыйынынан улам 30 – 31 -  октябрда Азербайжанга барат.

835596
Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжанга барат

Президент Р. Т. Эрдоган Баку – Тбилиси  - Карс темир жолунун алгачкы каттамы жана Түркия  - Азербайжан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешинин алтынчы жыйынынан улам 30 – 31 -  октябрда Азербайжанга барат.

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Грузиянын премьер  - министри Гиоргий Квирикашвили менен аймактык проектилердин бирөөсү болгон Баку  - Тбилиси – Карс темир жолу багытында 30 -  октябрда поезд каттамдарынын баштатылышынан улам өткөрүлө турган аземге катышат.

Президент Эрдоган менен Азербайжандын президенти Алиевдин жетекчилигинде Түркия  - Азербайжан ортосундагы 6 – Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешинин жыйыны да 31 -  октябрь шейшемби күнү өткөрүлөт. Тийиштүү министрлердин да катышуусу менен өткөрүлө турган жыйындагы сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтык темаларынын бардык тарабы менен карап чыгуу жана дагы да алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым – катнаштар менен бирге Жогорку Карабах келишпестиги башта болгон аймактык жана эл аралык абалдар кенен түрдө каралат.

Жыйында эки өлкөнүн ортосунда түрдүү кызматташтык тармактарын камтыган кээ бир документтерге кол коюлушу да белгиленген маалыматта : «Сапар Азербайжан менен дипломатиялык карым – катнаштарыбыздын курулушунун 25 – жылына туш келиши жактан да өзгөчө мааниге ээ»,- деп билдирилди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар