25 - сентябрдагы элдик добуш берүүнү жоюу керек

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Ирак күрт аймактык башкаруусунун 25 -  сентябрда өткөргөн мыйзам тышы элдик добуш берүүнү токтотуу эмес жоюу керектигин айтты.

834911

Тышкы иштер министри Чавушоглу Косова премьер  - министринин биринчи орун басары жана тышкы иштер министри Бехжет Паколли менен өткөргөн пресс жыйында сөз сүйлөдү.

Ирак күрт аймактык башкаруусунун кечээ «элдик добуш берүүнү токтотуу» сунушун «артка кадам таштоо» деп мүнөздөгөн Чавушоглу : «Ирак күрт аймактык башкаруусунун артка кадам таштоосу маанилүү бир кадам бирок жетерсиз. Бул мыйзам тышы элдик добуш берүү жоюулушу керек»,- деди.

Министр Чавушоглу айрыкча Ирак  - Түркиянын ортосундагы чек ара каалгалары тууралуу : «Бул каалгалар Багдаттын колуна өткөндөн кийин кошумча чек ара капкасы ачыла турган болсо ачабыз»,- деди.

Тектеш кабарлар