Түркия Австриянын «жүргүнчүлөрдү тинтүүсүнө» каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги түрк аба жолдорунун Вена Швехат аэропортунда полициянын иттер менен түнтүү жүргүзүшүнө каршылык көрсөттү.

830981
Түркия Австриянын «жүргүнчүлөрдү тинтүүсүнө» каршылык көрсөттү

 

Тышкы иштер министрлиги түрк аба жолдорунун Вена Швехат аэропортунда полициянын иттер менен түнтүү жүргүзүшүнө каршылык көрсөттү. Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Вена Швехат аэропортунда бир бажы кызматкеринин учакка отуруу үчүн күтүп жаткан түрк аба жолу жүргүнчүлөрүнүн үстүн жана буюмдарын полиция итине жыттатуусуна байланыштуу кээ бир көрүнүштөрдүн социалдык медиада орун алгандыгы белгиленди. Ушул боюнча ошол эле түнү Вена башкы консулдугунун жетекчилеринин аэропортко барып иликтөө жүргүзгөндүгү билдирилди. Мындай тинтүүлөрдүн берилген маалымат боюнча жана аэропорттун баарын камтыгандыгы билдирилди. Вена элчилигибиз тарабынан  Австриянын тышкы иштер министрлигинин негизинде көрүнүштөрдөгү ылайыксыз текшерүүгө көңүл бурулду жана тийиштүү Австрия мекемелеринин  өзгөчө бажы кызматкерлеринин эскертилүүсү талап кылынды»,- деп билдирилди. Маалыматта Австрия мекемелеринин мындай текшерүүлөрдө дагы этияттык менен мамиле кылуу боюнча  убада беришкендери да баса белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар